КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 12-декабры № 203
2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |