Редакцияот 11.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XXХХ сессиясы

 

2024-жыл 11-апрель №1

“

“Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунан «Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имараттарын жана ар түрдүү маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн аянт куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо» долбоорго макулдук берүү жөнүндө”

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 09.04.2024-ж. чыг.№01-20/1806-сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин сессиясында талкууга алынып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунан «Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имараттарын жана ар түрдүү маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн аянт куруу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо» долбоорунун сметалык баасы 5 000 000 (беш миллион) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.

2.     Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.

3.     Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет. .

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев