Редакцияот 16.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата шаардык кенешинин XXХ чакырылышынын

кезексиз XXX сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-ноябры № 30/20-2

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү

Жобону бекитүү

 

        Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин” 24-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары» жөнүндөгү мыйзамынын 4 жана 5-беренелеринин негизинде, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы 01-1/11/1078 иш кагазын, Чолпон-Ата шаардык кенешинин “Бюджет,каржы,экономика жана инвестиция тартуу боюнча “туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы отурумунун чечимине ылайык маселени карап чыгып,талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чолпон-Ата шаардык мэриясынын резервдик фондунун Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чолпон-Ата шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А. Асановго) жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                            Б.Бакиров

 

Тиркеме-1

                                                                                     Бекитилди

                                                                            Чолпон-Ата шаардык

                                                                              кенешинин депутаттарынын

                                                                              XXX чакырылышынын 

                                                                               кезексиз XX сессиясынын

                                                                                 30/20-2 токтому менен

                                                                                   «___»____2022

                                                                                      

 “ Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндө”                                                            ЖОБО

I Бөлүм.

Жалпы жоболор

1.1.         Ушул жобо Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын резервдик фондунун

             (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана каржылоо

               тартибин аныктайт.

1.2.         Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана

 Кыргыз Республикасынын "Бюджеттик Кодексинин” 24-беренесине ылайык түзүлөт.

1.3. Резервдик фонддун каражаттары учурдагы бюджеттик жылга карата

       Чолпон-Ата шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган,

       күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленет.

                                               II Бөлүм.

Резервдик фондду түзүүнүн тартиби

2.1. Резервдик фонд учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону

       талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн жергиликтүү

      бюджеттин курамында жергиликтүү бюджетке өздүк кирешелерден

       учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.

2.2. Резервдик фонддун өлчөмү Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик

       Кодексине” ылайык Чолпон-Ата шаарынын бюджетинин

       чыгашаларынын  көлөмүнүн 1 пайызынан (атайын каражаттардын

       суммаларын эсепке албаганда) ашык эмес суммада Чолпон-Ата шаардык

       кеңеши тарабынан бекитилет.

                                                  III Бөлүм.

Резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары

3.1. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануунун багыттары жана

      көлөмдөрү жөнүндө чечим Чолпон-Ата шаарынын мэриясы тарабынан

        ушул Жобого ылайык кабыл алынат.

 3.2. Резервдик фонддун каржаттары төмөндөгүлөрдү камтыган иш-чараларга

        пайдаланылат:

-мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык-маданий,

  административдик обьекттерди жана инфраструктураны курууга,

  ремонттоого байланыштуу финансылык жактан жарым-жартылай колдоо

  көрсөтүүгө ;

-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуучуларынын

  жесирлерине, Афган согушунун жана Баткен окуяларынын

   катышуучуларына, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин

  жоюучуларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз

   камсыз болгон жарандарга жана үй-бүлөлөргө, табият

   натыйжасында жапа чеккен жарандарга, жана башка социалдык жактан

   муктаж болгон жарандардын категорияларына жана калктын аярлуу

    катмарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө ;

-Эмгек ардагерлерине, Кыргыз Республикасынын гүлдөп-

 орчундуу салым кошкон, шаардын аймагында жашаган Кыргыз

  Республикасынын чыгаан инсандарына жана шаардын ардактуу

  жарандарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;

-табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын жана башка жеңилбес күч

  жагдайлардын кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу боюнча маселелерди

  тез арада чечүү, ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана

  коопсуздукту камсыздоо;

-Эл аралык, республикалык жана шаардык социалдык, маданий-массалык

  жана башка иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө кошумча финансылык

   жардам көрсөтүүгө;

-расмий жолугушууларды, семинарларды, форумдарды жана башка жалпы

  шаар үчүн манилүү иш чараларын өткөрүү, коомдук ишканалар жана

  республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жана менчигинин түрүнө

   карабастан мекемелер тарабынан өткөрүлүп жаткан ар түрдүү иш

   чараларын өткөрүүсүнө көмөк көрсөтүү;

-муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлеринин чет

  өлкөлүк иш-сапарга чыгуусун уюштурууга, сувенирлерди жана баалуу

   белектерди сатып алууга;

-Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлеринин

  ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча иштерди жарым-жартылай

   каржылоого;

-шаардагы калктын аз камсыз катмарларына финансылык жардам көрсөтүү

  үчүн кайрымдуулук марафондорду өткөрүүгө;

-спорт иш-чараларынын катышуучуларын, ошондой эле илимдин жана

   маданияттын ишмерлерине финансылык жактан колдоо көрсөтүү;

-кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий

   майрамдарына байланыштуу сыйлоо;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же жакын

   туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүү;

-мыйзам күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;

-олуттуу мааниге ээ жана каралган ыйгарым укуктарынын жана Кыргыз

 Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кечиктирбестен каржылоо талап

  кылынган башка максаттарга.

 

                                                V Бөлүм.

Резервдик фонддун каражаттарын бөлүүнүн жана чыгымдоонун тартиби

4.1. Резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик жана

      муниципалдык органдар, юридикалык жана жеке жактар саналат.

4.2.Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн субьекттер резервдик фонддон

      финансылык каражаттарды бөлүү маселелери боюнча Чолпон-Ата

      шаарынын мэриясына кайрылышат. Кайрылууда каражаттарды түпкү

     алуучулар, каражаттар жумшалуучу иш-чаралар жана каржылоонун

      көлөмү жөнүндө толук маалымат камтылууга тийиш. Зарыл болгон

      учурда Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын аппаратынын тиешелүү

      адистери акча каражаттарын алуучулардан резервдик фонддон акча

     каражаттарын бөлүү зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик жана

      муниципалдык органдардан ырастоочу документтерди талап кылууга

      укуктуу.

  Аталган кайрылууларды оң жагына кароонун жыйынтыгы боюнча Чолпон-

 Ата шаарынын мэриясынын финансы бөлүмү тарабынан Чопон-Ата

  шаарынын мэринин резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө чечиминин

   долбоору даярдалат.

4.3. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим

             Чолпон-Ата шаарынын мэринин буйругу менен кабыл алынат.

4.4. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол

      берилбейт:

1) шайлоо, референдум өткөрүүгө;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү

     кеңештердин жетекчилеринин ишин чагылдырууга;

3) муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөгө жана аларга

    материалдык сый акы берүүгө;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы

    материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу боюнча

    иш-чараларга.

                                             VI Бөлүм.

Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого көзөмөл

5.1. Каражаттардын тескөөчүсү жана алуучусу резервдик фонддун

       каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышы үчүн

       Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликте

       болушат.