КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
2024-жыл 29-марты №01-5/199
“
“Балдар спорт мектебинин окуучуларынын чет өлкөгө
сапарга чыгуу чыгымын бөлүп берүү жөнүндө
”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучуларына чет өлкөгө чыгууга кетүүчү чыгымдарынын суммасын ажырытып тактап берүүсүн сураган мэриянын кайрылуу катын карап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы № 01-5/193-токтомдун 3-пунктунун 7-пунктчасындагы балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин сапар чыгымына көрсөтүлгөн 2 100 000(эки миллион бир жүз миң)сом акча каражатынын 1 000 000(бир миллион)сомун балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучуларына чет өлкөгө спорттук мелдешке катышууга сапарга барууга ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну вице-мэр Я.Т.Абдурахмановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |