КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
2024-жыл 29-марты №01-5/200
“
“Шаардык Кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 07-февралындагы «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан админитративдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобонун 3-главасында жергиликтүү кеңештин регламентин ушул убактылуу жобого ылайык иштелип чыксын деп белгилегендиги боюнча даярдалган шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат
1. Шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы кезектеги XIX сессиясынын № 01-5/116 токтому менен бекитилген шаардык Кеңештин Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 5-главадагы «2» деген цифра, «1» деген цифрага алмаштырылсын;
2) 5, 6-главаларында шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары деген сөздөр «орун басары» - деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 56-главасындагы «башкы адис» жана «жетектөөчү адис» - деген сөздөр алынып салынсын.
4)
3. Токтомдун аткарылышын шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |