АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Арашан жергиликтүү кенешинин биринчи чакырылышы
2024-жылдын 20-мартындагы № 6
Жаңы уюшулган “Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине“Октябрь айыл өкмөтү”, “Бѳрү-Баш айыл өкмөтү”,
“Кара-Жал айыл өкмөтү” мекемелеринин документтерин
өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобосунун негизинде «Октябрь айыл өкмөтү» мекемеси, «Бѳрү-Баш айыл өкмөтү» мекемесин жана «Кара-Жал айыл өкмөтү» мекемесин бириктирилгендигине байланыштуу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы уюшулган “Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине “Октябрь айыл өкмөтү”, “Бѳрү-Баш айыл өкмөтү”, “Кара-Жал айыл өкмөтү” мекемелеринин документтери өткөрүлүп берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысына кол коюу жагы мекемелердин каржы бөлүмдөрүнүн башчыларына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Кулетовко жүктөлсүн.
Төрага Т.Т. Иманалиев