СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 3 - сессиясы
2023-жылдын 13-марты № 11
Жайыт пайдануучулар бирикмесинин төрагасын өз каалоосу менен жумуш ордунан бошотуу, кайрадан төрагасын дайындоо жана жаңы мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Момбековдун кайрылуусу боюнча жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Салмакеевдин арызы жана Ж.Чокоевдун арызы боюнча карап Семеновка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Кенжебек Салмакеев жумуш ордунан өз каалоосу менен бошотулсун.
2. Семеновка айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы болуп Чокоев Жакуп Жумабекович дайындалсын.
3. Семеновка айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы бардык банктык эсептеги финансы каражаттарын чечүүгө жана колдонууга укуктуу.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү учүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин № 2 "Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо" жана №1 жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ кырдаал,жайыт маселеси боюнча боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
7. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимин түзүү жагы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Момбековго тапшырылсын.
Төрайым | А.С.Бараканова |