КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
2024-жыл 29-марты №01-5/201
“
“Төраганын орун басарын дайындоо жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо, шаардык Кеңештин төрагасынын сунушу менен депутаттардын ичинен ачык добуш берүү жолу менен жүргүзүү боюнча шаардык Кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шаардык Кеңештин депутаты Маматкулов Санжарбек Примкулович шайланды деп табылсын.
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мурдагы орун басары Мамадияров Талайбек Мажитович төраганын орун басары кызмат ордун өз каалоосу менен тапшыргандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, шаардык Кеңештин «социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп кошулсун.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |