Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы

 

2024-жыл 29-марты №01-5/203

 

“Өнөр жай зонасына ажыратылган жерди жана таштандыларды төгүүчү жайды шаардын административдик аймагына кошуу жөнүндө”

           

            Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, Тоскоол-Ата токой чарбасынын 41,0га жана 8,0га жер аянттарын «токой фондунун жерлери» категориясынан «өнөр жай жерлери» категориясына которулган жер тилкелерди Кочкор-Ата шаарынын административдик аймагына кошуу максатында Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын аткарыла турган жумуштарына төлөнүүчү акча каражатын сметага ылайык бөлүп берүү боюнча жазган Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат

 

  1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.

 

  1. Тоскоол-Ата токой чарбасынын «токой фондунун жерлери» категориясынан 41,0га жана 8,0га жер аянттары «өнөр жай жерлери» категориясына которулган жер тилкелери Кочкор-Ата шаарынын административдик аймагына кошулсун.

 

  1. Кочкор-Ата шаарынын административдик аймагына 41,0га жана 8,0га жер тилкесин кошуу боюнча Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын аткарылып жаткан жумуштарына (картографиялык документтерди даярдоо ж.б.) сметага ылайык 272 386(эки жүз жетимиш эки миң үч жүз сексен алты)сом акча каражатты жергиликтүү бюджеттин жыл ичинде ашыкча түшкөн киреше булактардын эсебинен жана такталган планга ылайык бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Я.Т.Абдурахмановго жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Н.А. Абдуразаков