Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы

 

2024-жыл 29-марты №01-5/204

 

“Сметага ылайык акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

           

            Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарына Калкты каттоо Департаментинин региондор аралык бөлүмүнүн бөлүмчөсүн ачуу пландап жаткандыктан, аталган бөлүмчөнү имарат жана тиешелүү эмеректер (стол, стул, күтүү залына отургучтар архив бөлмөсүн жана терезелерине темир тосмо орнотуу) менен камсыз кылып берүүгө жергиликтүү бюджеттен, түзүлгөн сметага ылайык акча каражатын ажыратып берүүгө жазган Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат

 

  1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.

 

  1. Кочкор-Ата шаарына жаңыдан ачылып жаткан Калкты каттоо Департаментинин региондор аралык бөлүмүнүн бөлүмчөсүнө тиешелүү эмеректер(стол, стул, күтүү залына отургучтар архив бөлмөсүн жана терезелерине темир тосмо орнотуу) менен камсыз кылууга түзүлгөн сметага ылайык акча каражатын жергиликтүү бюджеттен каржылансын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Я.Т.Абдурахмановго жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

Н.А. Абдуразаков