Редакцияот 27.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 3 - сессиясы

2023-жылдын 27-июну № 26

Семеновка айыл аймагына караштуу Семеновка  айылынын түштүк тарабында жайгашкан “Кичи Ак-Суу” сайындагы, контур № 706 жер тилкесине кум таш майдалоочу кичи завод ачуу жɵнүндɵ

Семенов айылдык  аймагынын айылдык Кеңеши Семеновка айылындагы түштүк тарабында жайгашкан “Кичи Ак-Суу” сайындагы, контур № 706 жер тилкесине кум таш майдалоочу кичи завод ачуу  боюнча №1  жер  туруктуу комиссиясынын  2023 - жылынын   22 - июнундагы  № 6 чечимин карап талкуулап чыгып, Семенов айылдык  кеңеш токтом кылат:

 

1.  Семеновка айылынын тургуну  Осмонгазиева Хамилага  Семеновка менен Кожояр айылынын   ортосундагы “Кичи Ак-Суу” сайдын ичинен контур № 706  жер тилкесинен  2 (эки) га  жер тилкесин ижарага (арендага)  3 жылдык мɵɵнɵткɵ 2023-жылдан 2026-жылга чейин  кум таш майдалоочу кичи завод ачуу үчүн  бɵлүп берилсин.

2.  Кум-ташты кайра иштетип баштоо мөөнөтү 6-8 айга чейин ишке ашырылсын, эгерде эки жыл ичинде 2023-2025-жылга чейин иштетпесе, 2025-жылы ижарага алынган жер тилкеси айыл өкмөткө кайтарылсын.

 

3.  Бул токтомдун жалпы кɵзɵмɵлдɵɵ жагын  Семенов айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  №1 туруктуу комиссиясынын  жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча  жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ  кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясынын тɵрагасы К.Ботбаевге  жүктɵлсүн.

 

4.   Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик – укуктук актылар реестрине  киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

5.  Токтомдун аткарылышын жана ижара акысын мыйзам  чегинде сынак аркылуу ɵткɵрүлүшүн Семенов айыл аймагынын башчысы   Б.К. Момбековго  жана №1  жер комиссиянын  төрагасы К.И.Ботбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрайым

А.С.Бараканова