Редакцияот 26.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төш-Булак айыл кеңешинин сессиясы

 

2023-жылы 26-сентябры  № 28-25/22-1

 

Планды тууралоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин планын тактоого байланыштуу Айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бюджет боюнча 3-кварталдын жыйынтыгы боюнча көбөйтүүгө планга түзөтүү киргизүү 200,0 миң сом суммасында 11321300 "калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы" элементи боюнча; 250,0 миң сом суммасында: 14232400 "мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн акы"элементи боюнча жүргүзүлсүн.

2. Тиешелүү түрдө 3-кварталда бюджет боюнча сметалык Кредиттерди көбөйтүү

70111  берене боюнча 22154 - 200,0 миң сом

бөлүм боюнча атайын эсеп боюнча

70911 берене боюнча 2218 - 250,0 миң сом             

3.Бул токтомду аткаруу Төш-Булак айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.

4. Аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын

 

 

 Төрага

Ш.О. Джолдошев