Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 10 - сессиясы

2023-жылдын 31-июлу № 30

Семеновка айыл аймагына караштуу Семеновка  айылынын түштүк тарабында жайгашкан “Кичи Ак-Суу” сайындагы, контур № 706  жер тилкесине кум таш майдалоочу кичи завод ачуу жɵнүндɵ

Семенов айылдык   аймагынын айылдык кеңеши Семеновка айылындагы түштүк тарабында жайгашкан “Кичи Ак-Суу” сайындагы, контур № 706  жер тилкесине кум таш майдалоочу кичи завод ачуу  боюнча Тоӊ районунун  “Ай-Кол агро”  жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору Мамбетов  Асан Эмир-Велиевичтин арызы боюнча   №1 жер  туруктуу комиссиясынын    2023 - жылынын   25 - июлундагы  № 7 чечимин карап талкуулап чыгып, Семенов айылдык  кеңеш токтом кылат:

   

1.   Тоӊ районунун  “Ай-Кол агро”  жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мамбетов  Асан Эмир-Велиевичке  Семеновка менен Кожояр айылынын    ортосундагы  “Кичи Ак-Суу” сайдын ичинен  контур № 706  жер тилкесинен  2 (эки) га  жер тилкесин ижарага (арендага)  3 жылдык мɵɵнɵткɵ 2023-жылдан 2026-жылга чейин  кум таш майдалоочу кичи завод ачуу үчүн  бɵлүп берилсин.

2.  Кум-ташты кайра иштетип баштоо мөөнөтү 6-8 айга чейин ишке ашырылсын, эгерде  эки жыл ичинде 2023-2025-жылга чейин иштетпесе, 2025-жылы ижарага алынган жер тилкеси айыл өкмөткө кайтарылсын.

 

3.  Бул токтомдун жалпы кɵзɵмɵлдɵɵ жагын  Семенов айыл аймагынын айылдык    кеңешинин  №1 туруктуу комиссиясынын  жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча  жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ  кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясынын тɵрагасы К.Ботбаевге  жүктɵлсүн.

 

4.   Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик – укуктук актылар реестрине  киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

5.  Токтомдун аткарылышын жана ижара акысын мыйзам  чегинде сынак аркылуу ɵткɵрүлүшүн Семенов айыл аймагынын башчысы   Б.К. Момбековго  жана №1  жер комиссиянын  төрагасы К.И.Ботбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрайым

А.С.Бараканова