Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төш-Булак айыл кеңешинин сессиясы

 

2023-жылы 10-октябры  № 28-26-23

 

Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” ЖОБОнун негизинде:

1.              Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоого жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн уюштуруу комитетинин курамы төмөндөгүдөй бекитилсин :

Джолдошев Шайлоо Олжобаевич – айылдык Кеңештин депутаты

Джунушева Салкын Бейшенбековна– айылдык Кеңештин депутаты

Сыдыгалиева Назира Зарлыковна – айыл өкмөттүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси

Солтонбеков Нурланбек Апудаевич – айылдык Кеңештин депутаты

Изатбеков Арген Азаматович– айылдык Кеңештин депутаты

Талипов Руслан Өмүрбекович – айыл башчы

Маматов Самат Алышбекович – айылдык Кеңештин депутаты

Буйтукова Эльмира Жакашовна – айылдык Кеңештин депутаты

Бучкакбек уулу Асылмырза – айылдык Кеңештин депутаты

Джумаева Аида Зулумбаевна – айылдык Кеңештин депутаты

Ельбалдиева Элина Юсеновна – киреше боюнча башкы адис

2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Төш-Булак айыл аймагынын жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Уюштуруу комитети бекитилген планга ылайык иш алып барсын.

4. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев уюштуруу комитетинин жумушун уюштурууга ар-кандай көмөк көрсөтсүн.

5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Төрага

Ш.О. Джолдошев