СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 11 - сессиясы
2023-жылдын 28-августу № 34
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчигинде турган кырмандын ижара акысын бекитүү
Кожояр айылынын тургуну Малабеков Кубан Ашыракуновичтин арызы боюнча карап талкуулап чыгып, Семенов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчигинде турган кырманды Кожояр айылынын тургуну Малабеков Кубан Ашыракуновичке ижарага мыйзам чегинде берилсин.
2. Муниципалдык менчикте турган кырманды 5 (беш) жылдык мөөнөткө 2023-жылдан 2028-жылга чейин ижарага берилсин.
3. Муниципалдык менчикте турган кырмандын ижара акысы бир жылга 80 000 (сексен ) миӊ сом деп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылыш жагын Семеновка айыл аймагынын башчысы Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын Семенов айыл аймагынын айылдык кеңешинин №1 туруктуу комиссиясынын жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясынын тɵрагасы К.Ботбаевге жүктɵлсүн.
6. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрайым | А.С.Бараканова |