Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун УСТАВЫ
(КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 371, 2025-жылдын 20-мартындагы № 94 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (мындан ары - Улуттук институт) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигин өлкөдөгү кырдаалга жана Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү абалына илимий-изилдөө, эксперттик-талдоо жана үзгүлтүксүз талдоо менен камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түрдүү чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын түзүү үчүн келечектүү демилгелерди даярдоо үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мекеме болуп саналат.
2. Улуттук институттун негиздөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Президенти эсептелет. Улуттук институттун штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
3. Улуттук институт Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун базасында түзүлгөн жана алардын укук мураскери болуп саналат.
4. Улуттук институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм, өз алдынча баланска жана сметага ээ, фирмалык аталышы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мөөрү, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган бланктары жана башка штамптары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
5. Улуттук институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
6. Улуттук институт Кыргыз Республикасынын Президентине баш иет, анын ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы координациялайт.
7. Улуттук институт өз атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Улуттук институт төмөнкүдөй фирмалык аталышка ээ:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту";
- расмий тилде: "Национальный институт стратегических инициатив при Президенте Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "National Institute for Strategic Initiatives under the President Kyrgyz Republic".
9. Улуттук институттун юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 220.
2. Улуттук институттун милдеттери
10. Улуттук институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- экономикалык жана социалдык процесстерди илимий-изилдөө жана эмпирикалык талдоо, мамлекеттик жонго салуу саясатын жана реформаларды талдоо;
- өлкөдөгү экономикалык кырдаал жана Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилигин илимий-изилдөө жана эксперттик-талдоо менен камсыздоо;
- коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык артыкчылыктарга талдоо жүргүзүү жана баалоо;
- мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги административдик-функциялык процесстерди бюрократиядан арылтуу, башкаруучулук мамилелердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын ишин ченемдик-укуктук жөнгө салууну бюрократиядан арылтуу, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функцияларын мамлекетке калтыруу менен мамлекеттик бийлик органдарынын айрым функцияларын аутсорсингге берүүнүн максатка ылайыктуулугун, айрым коомдук мамилелерди жөнгө салуудан арылтуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдө деталдуу мамлекеттик жөнгө салуу (“мамлекеттик монополия”) режимин сактоонун максатка ылайыктуулугун баалоо боюнча чараларды иштеп чыгуу.
- стратегиялык документтердин долбоорлору жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоо;
- түрдүү донорлордон жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн алууга пландаштырылган кредиттер боюнча корутундуларды даярдоо, аларды талдоо, экспертизалоо, ошондой эле кредит алуу шарттарын жана алардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин баалоо;
- төмөнкү чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын калыптандыруу үчүн келечектүү демилгелерди жана долбоордук сунуштарды даярдоо:
1) улуттук экономиканы өнүктүрүү;
2) өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин жана инструменттерин киргизүү;
3) коопсуздукту камсыз кылуу;
4) мамлекеттик башкаруу;
5) тышкы жана ички саясат;
6) экология жана айлана-чөйрөнү коргоо.
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 94 Жарлыгынын редакциясына ылайык)