СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 14 - сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 39
Муниципалдык менчик мүлктүн (объектилеринин) реестирин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы, пайдалануусунда жана тескөөсүндө турган муниципалдык мүлктүн (объектилерди) туура жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамынын жана “Муниципалдык мүлк жөнүндө” КРнын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, айылдык кенеш токтом кылат:
1. Муниципалдык мүлктүн (объектилеринин) реестири бекитилсин (№1 тиркеме);
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3. Бул Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Момбековко милдеттендирилсин.
Төрайым | А.С.Бараканова |