Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылы 30-ноябры  № 28-26/26

Бирдиктүү салыгын компенсациялоо боюнча РБ максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө

2023-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын №3 "2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгили жөнүндө" Мыйзамынын 11-беренесинин 6-пунктун жана 45-беренесинин "бюджеттер аралык мамилелердин принциптери" 5-пунктунун "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан кирешелердеги же кошумча чыгымдардагы жоготуулардын ордун толтуруу",  аткаруу үчүн “ 2023-жылга республикалык бюджетте жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер түрүндө 23000000,0 миң сом суммасында каралсын, республикалык бюджетке салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча бирдиктүү салыктын 100 пайызы түшкөнүнө байланыштуу" айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдиктүү салыкты компенсациялоо боюнча РБДАН түшкөн максаттуу трансферттер 4-кварталда башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө 28,3 миң сом суммасында бөлүштүрүлсүн:

Бөлүм 70111 бер. 2215 + 28,3 миң сом 

  БАРДЫГЫ: + 28,3 миң сом

2. Бул токтомду аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жумашалиевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Төрага

Ш.О. Джолдошев