ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
2023-жылы 03-марты № 28-16/12
“Сокулук Райондук Агрардык Өнүктүрүү Башкармалыгына АЧЖМФ жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
2007-жылдын 22-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243 Токтомунун негизинде, 2022-жылдын 19-сентябрындагы айыл чарба министрлигинин №329 буйругун, АЧЖМФ жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн тартибин жана 2021-жылдын 17-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 309 Токтомун карап чыгып, талкуудан кийин Төш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук Райондук Агрардык Өнүктүрүү Башкармалыгына АЧЖМФ жерлеринин ижара акысынын өлчөмү 1 “бир” га сугат айдоого эсеп боюнча 407*30=12210 сом жана 1 “бир” га кайрак айдоого эсеп боюнча 67,2*30=2016 сом бекитилсин.
2. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев керектүү документтерди даярдап аларды Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жана Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына макулдашууга жиберсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары: | Р.К.Мураталиева |