Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын III сессиясы

 

2024-жыл 5-апрели №5

 

“Абды Суеркулов айылдык аймагынын Көтөрмө жана Бел-Алды айылдарынын мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдөгү ижара акыны бекитүү, ижарага берүү тартиби жөнүндө”

          Абды Суеркулов айылдык аймагынын Көтөрмө жана Бел-Алды айылдарынын мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдөгү ижара акыны бекитүү, ижарага берүү тартиби жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын III сессиясы токтом кылат:

 

1.     Абды Суеркулов айылдык аймагына караштуу Бел-Алды айылынын БСР участкасындагы мамлекеттик фондунун сугат жерлери аукцион менен 5жылдык мөөнөткө, ижара акысы 1гектарына 1500сом, кадамы 500сомго бекитилсин.

2.     Абды Суеркулов айылдык аймагына караштуу Бел-Алды, Сары-Сөгөт жана Коргон айылдарына караштуу Чон-Шайы, Кичи-Шайы, Чон-Дөбө участкаларындагы мамлекеттик фондунун кайрак жерлери аукцион менен 5жылдык мөөнөткө, ижара акысы 1гектарына 1000сом, кадамы 500сомго бекитилсин.

3.     Абды Суеркулов айылдык аймагына караштуу Бел-Алды айылынын БСР участкасындагы мамлекеттик фондунун сугат жерлеринен аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 25% жеринен акысыз берилсин.

4.     Абды Суеркулов айылдык аймагына караштуу Көтөрмө айылынын Кыргоо жана айыл ичиндеги мамлекеттик фондунун шарттуу сугат жерлерин ижарага берүүдө түз берүү жолу менен 5жылдык мөөнөткө, ижара акысы 1гектарына 2000сомго бекитилсин. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 20% жеринен акысыз берилсин.

5.     Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.torken.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

 

Төрага:

 

И.Өмүрбеков