Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

2023-жылдын 27- февралы № 60

Бешкент айыл аймагында тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу  инфраструктура түзүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жана  2023-2025-жылдар мезгилине түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө   

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы  №305 “Улуттук тазалык кунү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.А.Алимбековтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Айлана-чөйрөнү коргоону, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу айдаланууну касыз кылуу, ошондой эле санитардык жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдар мезгилине түзүлгөн иш планы бекитилсин.

 

2.  Тиричилик калдыктарын чогултуу, ташуу, көмүү жана айлана чөйрөнү коргоону үчүн Бешкент айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата түшкөн кошумча бюджетинин эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын

орун басары

 

Ж.Х.Аслонов