БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2023-жылдын 19- апрели № 63
Андархам (Карл Маркс) айылындагы Конокчу-1 жана Конокчу-2 насостук станцияларын трубалары менен мамлекеттин менчигине алып Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн Андархам (Карл Маркс) айылындагы Конокчу-1 жана Конокчу-2 насостук станцияларын трубалары менен Бешкент айыл өкмөтүнүн карамагынан мамлекеттин менчигине алып, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматынын карамагына өткөрүп берүү боюнча 2023-жылдын 19-апрелиндеги №12 сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагынын Андархам (Карл Маркс) айылындагы:
- Конокчу-1 насостук станциясы 490 метр трубалары менен;
- Конокчу-2 насостук станциясы 400 метр трубалары менен мамлекеттин менчигине алып Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.А.Алимбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О. Баховотдинов. |