КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк – Ирим айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын
2023-жылдын 11-мартындагы № 3
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндө”
”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык, Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовдун “Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Көк-Ирим айыл өкмөтүндө Жергиликтүү маанидеги “Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/ иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом менен бекитилген милдеттердин тизмесине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчы Р.Секелеӊовко милдеттендирилсин.
4. Токтомду областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүу өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк – Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| И.Ашырбеков |
Эскертүү: Типтүү тартибин бекитүү жөнүндө Жобонун кагаз түрү келип түшкөн эмес.
|
| Тиркеме |
|
| Көк – Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин 11.03.2023-жылдагы №3 токтомуна |
Жергиликтүү маанидеги “Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/ иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси
№ | кызматтын/ иштердин, функциялардын жана милдеттердин | Аткарууга жооптуулар |
1. Кызматтар | ||
1.1 | Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу | АӨ башчы |
2. Функциялар | ||
2. 1 | Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча иш аракеттерди пландаштыруу | АӨ башчы |
2.2 | Айыл өкмөт башчысынын жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу | АӨ башчы |
2.3 | Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу | АӨ башчы |
2.4 | ТККны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеӊилдетилген категорияларын аныктоо | АӨ башчы |
3. Милдеттер | ||
3.1 | ТКК чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып берүү | АӨ башчы |
Түзгөн: Н.Нарматова