КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк – Ирим айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезекcиз XVII сессиясынын
2023-жылдын 11-мартындагы № 1
“Райондун ардактуу атуулуна көрсөтүү жөнүндө”
Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Атайбек уулу Келдибекке райондун «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча жаштар комитетинин төрагасы М.Шабданбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын тургуну Атайбек уулу Келдибекке райондун «Ардактуу атуул» наамын берүү боюнча жаштар комитетинин төрагасы М.Шабданбековдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына Атайбек уулу Келдибекке Райондун «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүү боюнча сунуш кетирүү жагы Көк-Ирим айыл аймагынын башчысы Р.Секелеӊовко тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Көк – Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| И.Ашырбеков |