Редакцияот 21.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясынын

 

2022-жылдын 21-декабрындагы № 16-2

 

Өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин бюджет- финансы жана экономика маселелери боюнча ТК нын өздүк салымга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө корутундусун угуп, талкуулап сессия

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Кызыл-Туу айыл аймагындагы №38 С.Айтиев атындагы Кызыл-Туу орто мектебинин жана спорт залынын эшик терезелерин алмаштыруу боюнча долбоорун колдоо үчүн 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 31113290 (башка курулуштар) статьясынан 250 000(эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Жогоруда бөлүнүп берилген акча каражатынын сарпталышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет- финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Арстанбековко жүктөлсүн.

3. Аталган токтомдун аткарылыш жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Т.Арстанбаевке милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Б.Төрөбеков