Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 9-февралы № 1

 

Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Мин-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган №154-НИ “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү” буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Миң-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Миң-Булак айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгына оңдоо-түзөө иштерине өзгөртүү киргизүү боюнча  материалдары бекитилсин.

2. Мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.Койчубаев