Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИБРАИМОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ибраимов айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2023-жылдын 24-февралы №22-3

 

Ибраимов айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүүжөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштет боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”,“Жергиликтүү  кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык,Ибраимов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ибраимов аыйл аймагында  көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелер бекитилсин.

2. Ибраимов айыл аймагында, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан ишканалар,мекеме уюмдар  ээлеген жана аларга  бекитилип берилген  аймактарда, ошондой эле жеке курулуш  зоналардагы көчөлөрдө  жана короо аймактарында талаптагыдай санитардык абалды сактап тиричилик  калдыктарын  тазалоо иш-чаралары  жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.  

 

 

Төрага

Насипбек у. Эсен