Редакцияот 23.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XX сессиясынын №II токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндөгү Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

 

2022-жылдын 23-майындагы № VIII

 

"Папан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы кайрак айдоо жерден 58,8га жерди калктуу конушка трансформациялоо жөнүндө"

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып төмөндөгүдөй.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы 182-197-контурдагы кайрак айдоо жерден турак жай курууга 58,8 га жерди калктуу конушка трансформация кылуу үчүн Папан айылдык кеңешинин чечиминин негизинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

2. Бул токтомду аткаруу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Папан айылдык кеңештин төрагасы:

 

Т.Т.Тагаев