Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 9-февралы № 2

 

Миң-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы “Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө” №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Мин-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, Миң-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы “Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө” №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап чыгып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы “Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө” №3 токтомунун 2-пунктундагы “Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 130250 сом бөлүнсүн.

Анын ичинен:

-Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине -85500 сом

-Социалдык фондго чегерүүгө                          -14750 сом

-Миң-Булак айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнө -22900 сом бөлүнсүн

Анын ичинен:

-Айыл аймагына караштуу маданият кызматкерлерине -19500 сом

-Социалдык фондго чегерүүгө -3400 сом” деген сөздөр жокко чыгарылсын.

Анын ордуна: “Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 20000 сом бөлүнсүн” деп өзгөртүлсүн.

3-пункттагы “Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын окуу корпусуна жалюзи алып берүү үчүн - 446613,93 сом” деген сөздөрдүн ордуна

“Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп гимназиясынын окуу корпусунун ичин жасалгалоо үчүн-569763, 93 сом” деп өзгөртүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл-чарба, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш жана мандат этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.Койчубаев