Редакцияот 09.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 9-февралы № 5

 

Бакай-Ата районунда административдик аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы Бакай-Ата районунун аймагында административдик аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-июлундагы №20-12 протоколдук тапшырмасына ылайык 2023-жылдын 28-августундагы Ленинполь жана Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттары менен өткөн жыйындын №1 протоколунун негизинде;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата районунундагы административдик аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча 2023-жылдын 28-августундагы жыйындын чечими колдоого алынсын.

2. Бакай-Ата айыл аймагына Миң-Булак айыл аймагын бириктирүү менен Бакай-Ата айыл аймагы Бакай-Ата айыл аймагы болуп аталсын.

3. Бириккен Бакай-Ата айыл аймагынын борбору Бакай-Ата айылында  жайгашсын.

4. Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын, чек араларын, жайыт, жер аянттарын жана калкынын санын тактоо иштерин райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.Койчубаев