БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Байтик Баатыр айылдык кенешинин 12 кезектеги жыйыны 29 чакырылыш
2024-жылдын 15 февралындагы № 7
Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү
Байгелди айылынын айыл башчысы Сегизбаев Сулайман Айтбаевичтин парк куруу үчүн айыл чарба багытындагы (жайыт) категориядан жер, өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байгелди айылындагы №802 контурунда жайгашкан жалпы аянты 1,0 га жайыт жер тилкесине парк куруу үчүн айыл чарба багытындагы (жайыт) категориядан, “өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которууга макулдук берилсин.
2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы (жайыт), айдоо жерлеринин категориясынан жер, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |