Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 3
Балыкчы шаардык токой чарбасына тиешелүү 50,0 га жер тилкесин өткөрүп алуу жөнүндө
Балыкчы токой чарбасына тиешелүү болгон шаардын күн батыш тарабындагы экопосттун аймагында жайгашкан 50,0 га жер тилкесин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө Балыкчы шаар мэриясынын 27.03.2018ж. 3 01-18/313 кайрылуусуна ылайык карап, талкуулап Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Балыкчы шаардык токой чарбасына тиешелүү болгон жер тилкесинен 50,0 га жер тилкесин шаардык муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө сунуш колдоого алынсын.
2. Балыкчы шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы ( А.А. Асаналиев) макулдашылып сунушталынган 50 га жер тилкелери боюнча мыйзамга, тиешелүү талаптарга ылайык иш кагаздарын жүргүзүү менен кабыл алуу тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
5. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаарынын 1 вице мэри- А.К. Табалдиевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы | К.Р. Сартбаев |