КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 20-март №7
“Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттигинин 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамырованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин убактылуу жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин расмий аталышы төмөндө көрсөтүлгөндөй аталсын:
- мамлекеттик тилде - “Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңеши”;
- расмий тилде - “Айылный кенеш Каргалыкского айылного аймака”.
3. «Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин» юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Ж.Акимбаев көчөсү - 81 болуп аныкталсын.
4. Бул токтомду Жалал-Абад облсунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Акматовага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн юристи А.Абдыманбетовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk. gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов |