Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Байтик айылдык кенешинин 12 - кезектеги жыйыны 29 -чакырылыш

 

2024-жылдын 15 февралындагы № 12

 

«Кашка - Суу айылындагы жаны конушта жайгашкан №54 жер участогунун максаттын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Аблекеева Жаныл Ажыбековнанын Кашка-Суу айылынын жаны конушундагы №54 жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын бала бакча курууга өзгөртүү боюнча өтүнүчүн талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кенеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Аблекеева Жаныл Ажыбековнанын Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылынын жаны конушундагы №54 жеке менчик жер тилкесине бала бакча куруу үчүн максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин;

 

2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан Бала бакча куруу үчүн жер участогун жеке менчикке берүү максатын өзгөртүү боюнча райондук архитектура бөлүмүнө кат жөнөтүлсүн;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Осмоналиев