Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 24-ноябры № 44

Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген акча каражатын 2023-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жѳнүндѳ

Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген акча каражатын максаттуу түрдѳ пайдалануу максатында, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Т.Баямановдун бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:

1. Тамга айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкѳн бирдиктүү салык декларациясына ылайык киреше салыгына келип түшкѳн 253 100 (эки жүз элүү үч миң бир жүз) сом акча каражаты Тамга, Тосор жалпы билим берүү мектептерине компьютердик жабдыктарды жана эмеректерди алууга чыгымдалсын.

2. Тамга айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Ж.К.Орозбаковго акча каражатын максаттуу чыгымдоо милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүү жагы Тамга айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин пландоо, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Т.Баямановго тапшырылсын.

 

 

Тѳрага 

 

А.А.Букаров