Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Күмүштак айылдык Кеӊешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралы № 1

 

Бириккен Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколун бекитүү жөнүндө

 

             “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жѳнүндѳгү убактылуу Жобону жетекчиликке алып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Күмүштак айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протоколу бекитилсин.

 

2. Бириккен Күмүштак айыл аймагынын Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы болуп Мамыралиев Алмазбек Тологонович шайланды деп таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

А.Т.Мамыралиев

 

 

 

 

 

 

 

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы бириккен “Күмүштак” айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү

 

 

№1 ПРОТОКОЛУ

 

2024-жылдын 21-февралы

 

Боо-Терек айылы

 

 

 

Төрагалык кылуучу

 

Б. Акматов

 

 

 

Сессиянын катчысы

 

А.Алымкулова

 

Катышкандар: Жалпысы 52 анын ичинен 26 депутат.

 

“Боо-Терек” жана “Оро” жергиликтүү айылдык Кеңештеринин депутаттарынын бириккен “Күмүштак” айылдык Кеңешинин жалпы депутаттарынын саны -32, анын ичинен катышкандары -26

 

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жѳнүндѳгү Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу Б.Акматов бириккен “Күмүштак” айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.

 

             Бириккен “Күмүштак” айылдык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна эки талапкер – Бакай-Ата районундагы Боо-Терек жана Оро айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин төрагалары ат салышкан.

 

1.Мамыралиев Алмазбек Тологонович - Боо-Терек айылдык Кеңештин тѳрагасы; 

2. Мотуев Бактыбек Калиевич - Оро айылдык Кеңештин тѳрагасы.

 

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:

1. Бириккен “Күмүштак” айылдык Кеңешинин депутаттарынын жалпы саны -32 (отуз эки) түзөт.

2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны - 26 (жыйырма алты)

3. Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны (алфавиттик тартипте):

 

1. Мамыралиев Алмазбек Тологонович - 14 (он төрт) добуш.

 

2. Мотуев Бактыбек Калиевич - 11 (он бир ) добуш.

Бакай-Ата районундагы “Боо-Терек” жана “Оро” жергиликтүү айылдык Кеңештеринин депутаттарынын бириккен “Күмүштак” айылдык Кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды, ага ылайык депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Мамыралиев Алмазбек Тологонович

бириккен “Күмүштак” айылдык Кеңешинин шайланган төрагасы деп таанылды.

 

 

Төрагалык кылуучу

 

Б.С.Акматов

 

 

 

Сессиянын катчысы

 

А.Р.Алымкулова