ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-ноябры № 45
Тамга айыл ѳкмѳтүнүн билим берүү мекемелерине керектүү буюмдарды алуу жѳнундѳ
Тамга айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы “Тамга айыл аймагындагы жалпы билим берүү мектебинин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемелериндеги мугалимдерине материалдык жактан камсыз кылуу жѳнүндѳгү” № 42 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Т.Баямановдун сунушун айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып Тамга айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Тамга айыл аймагындагы жалпы билим берүү мектебинин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мекемелериндеги мугалимдерине жылына бир жолу ар бир мугалимге материалдык жактан камсыз кылуу жагы каралган, бирок мыйзамга туура келбегендигине байланыштуу бѳлүнүп берилген 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты Тамга айыл ѳкмѳтүнүн билим берүү мекемелерине керектүү буюмдарды алууга жумшалсын.
2. Тамга айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Ж.К.Орозбаковго акча каражатын максаттуу чыгымдоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүү жагы Тамга айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин пландоо, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Т.Баямановго тапшырылсын.
Тѳрага |
| А.А. Букаров |