Редакцияот 12.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 12-декабры № 47

Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Кѳл облусунунун Жети-Ѳгүз району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин кайрылуусу тууралуу

Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Кѳл облусунунун Жети-Ѳгүз району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Э.Б.Акматовдун кайрылуусун айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XVI- сессиясы токтом кылат:

1.            Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жѳнүндѳ Кодексинин 74-75-беренелерине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымы ар түтүнгѳ 20 (жыйырма) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

2.            Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымын тѳлѳѳ мѳѳнѳтү ар бир жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.

3.            Салыктык эмес жыйым тѳлѳмүн киреше адистери ѳз убагында чогултуп, банкка тѳгүү жагы милдеттендирилсин.

4.            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

5.            Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго тапшырылсын.

6.            Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Тѳрага    

 

А.А. Букаров