ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-декабры № 48
Тамга айылынын тургуну Манапбаев Иса Касеновичтин кайрылуусу тууралуу
Тамга айылынын тургуну Манапбаев Иса Касеновичтин дарыланууга акча каражатын сурагандыгы тууралуу кайрылуусун айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XVI- сессиясы токтом кылат:
1. Тамга айылынын тургуну Манапбаев Иса Касеновичтин дарылануусуна материалдык жардам берүү тууралуу кайрылуусу канагаттандырылып, 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнүп берилсин.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.Баямановго жана финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Ж.Орозбаковго сессиянын токтомунун негизинде 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдоолорунун 71093 «Социалдык камсыздоо» бѳлүмүнүн 27211500 «Калкты социалдык жактан камсыздоо» статьясынан каралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага |
| А.А. Букаров |