Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 706 токтомуна)
Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында башталган иштерди улантууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында, анын ичинде калдыктар менен иштөө жаатында Кыргыз Республикасынын учурдагы саясатынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- минералдык-чийки зат ресурстарын толук жана комплекстүү пайдалануу, өндүрүштөрдүн калдыктарын чарбалык жүгүртүүгө тартуу;
- калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү боюнча ишканаларды түзүүгө, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүүгө дем берүү;
- катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө жыйноо системасын жер-жерлерде ишке киргизүү, кайра иштетилүүчү ресурстар рыногунун өнүгүшүн камсыз кылуу;
- пландоонун, чечимдерди кабыл алуунун, аткаруунун жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык этаптарында жашыл экономиканын принциптерин жана талаптарын ишке киргизүү;
- экономиканын түзүмүн кайра карап чыгуу жана жаратылыш чөйрөсүнө минималдуу таасир тийгизген өнүгүүгө өтүү үчүн "жашыл" өсүү принциптерин эсепке алуунун зарылдыгы;
- жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу үчүн ресурстарды үнөмдөөчү, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүү жана илгерилетүү боюнча секторлор аралык бирдиктүү саясат түзүү.
Товарларды жана товарлардын таңгактарын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги (мындан ары - өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги) деп Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүрүүнү (мындан ары - товарларды өндүрүүчүлөр), үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоону жана товарларды таңгактоону же Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринен товарларды ташууну, товарларды таңгактоону (мындан ары - товарларды импорттоочулар) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардын продукциялар (товарлар) керектөө касиеттерин жоготкондон кийин пайда болгон калдыктарын жыйноону, ташууну, кайра иштетүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттенмеси катары түшүнүлөт.
Ушул Концепция административдик, уруксат берүүчү жана башка механизмдер менен биргеликте керектөө калдыктарынын пайда болушун кескин кыскартууга жетишүүгө, аларды кайра иштетилүүчү чарбалык жүгүртүүгө тартууга кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды кайра иштетүү рыногун түзүүгө дем берүүгө жана калдыктарды көмүүнүн көлөмүн азайтууга максималдуу багытталган калдыктар менен иштөө системасын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү товарларды жана товарлардын таңгактарын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилигинин натыйжалуу моделин түзүү максатында мамлекеттик жөнгө салууну трансформациялоого негизги ыкмаларды аныктайт.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтунун негизги максаты - жашыл экономикага өтүүнүн алкагында кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө кайтаруунун натыйжалуу системасын түзүү, бул өз кезегинде жагымдуу айлана-чөйрөгө, аны келечек муундар үчүн сактоого жана кайра жаралбаган жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын принциптерине шайкеш келет.
2-глава. Кыргыз Республикасында товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун өркүндөтүүнүн өбөлгөлөрү
Кыргыз Республикасынын аймагында керектөө калдыктарын жайгаштыруучу жайларды инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча 406 таштанды таштоочу жай бар.
Таштанды таштоочу жайларды ээлеген жерлердин жалпы аянты 616,306 га жакынды түзөт, анын ичинде: 506,506 га - айыл чарба багытындагы жерлер (82%); 78,95 га - калктуу конуштардын жерлери (12,8%); 7,55 га - мамлекеттик токой фондунун жерлери (1,2%); 23,3 га - өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер (4%).
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын таштанды таштоочу жайларында 16 млн. 409,629 миң тоннага жакын керектөө калдыгы топтолгон. Жыл сайын 519,87 миң тоннага жакын калдык пайда болот (калдыктардын топтолушу боюнча так маалыматтар жок, анткени жайгаштырылган калдыктардын санын эсепке алуу жок жана калдыктарды чыгаруу уюштурулбаган).
Республика боюнча калдыктардын морфологиялык курамы бирдей эмес жана калктуу конуштун жашоо турмуш деңгээлине жараша өзгөрүп турат.
Ири калктуу конуштардын таштанды таштоочу жайларында жайгаштырылган калдыктардын морфологиялык курамы төмөндө келтирилди.
Кыргыз Республикасынын ири калктуу конуштарынын таштанды таштоочу жайларында жайгаштырылган калдыктардын морфологиялык курамы
1-таблица