Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИНТЕРНАЦИОНАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023 жылдын 21-ноябры №169/28-19

 

Интернационал айыл аймагынын Боз-Бармак айылына өзүнчө айыл макамын (статус) берүү жөнүндө

Интернационал айыл аймагынын Боз-Бармак айылынын тургундарынын 2017-жылдын 15 – декабрындагы жалпы элдик жыйынын №7-протоколун, талкуулап жана элдин суроо-талабын эске алып

Интернационал айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боз-Бармак айылына өзүнчө айыл макамасын (статусун) берүү жагы жогорку мекеме уюмдардан суралсын.

2. Бул токтомду бекитип, жогорку мекеме-уюмдарга сунуштоо жагы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Жаңыдан айыл макамына (статусуна) ээ болуп жаткан Боз-Бармак айылын каттоодон өткөрүүгө керектүү иш-кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү жагы Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Камчыбековго жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Интернационал айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Чекиров С.М.