КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 20-март №11
“«Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүн» түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каргалык айыл өкмөтү» жана «Сары-Булуң» айыл өкмөтү бириктирүү жолу менен «Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү» болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү»
- Расмий тилде: "Айыл окмот Каргалыкского айылного аймака"
2. «Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө» өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
3. «Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн» юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Ж.Акимбаев көчөсү - 81 болуп аныкталсын.
5. Бул токтомду Жалал-Абад областынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башкы адиси - юрист Абдыманбетов Арафатбек Акановичке милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk. gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага жуктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов |