КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 20-март №13
“Казарман айылындагы “Баатырлар аллеясын” скверди Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө”
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 01-мартындагы № 01-16/810 сандуу чыгыш катын негиз кылып, Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамырованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылындагы “Баатырлар аллеясы” сквери Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынсын.
2. Бул маселеге тиешелүү документацияларды даярдоо Каргалык айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси У.Матиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk. gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов |