Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты № 5

“Орозбеков айыл аймагынын айылдык  кеңеши” мекемеси-

айылдык кеңешин түзүү жөнундө

 

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап,  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы  №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы  №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин  уюштуруу  жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

            1. “Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши”- мекемеси жана “Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңеши”- мекемеси бириктирүү жолу менен “Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши”- мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши” -мекемеси -Расмий тилде: учреждение “Айылный кеңеш Орозбековского айылного аймака”

2. “Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3. “Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши”- мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл аймагы, Учкун айылы, Кыргызстан 60-жылдык көчөсү № 46 болуп аныкталсын.

4. “Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши”- мекемесине өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы бекитилсин.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

 Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага:

А.Бактыбаев