ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 7-марты № 6
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин кабыл алуу жөнундө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына негиз жана Орозбеков айылдык кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында ,Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
- Айылдык кеңешинин иш- аракетинде кабыл алынган регламент жетекчиликке алынсын.
- Орозбеков айылдык кеңешинин 2012-жылдын 25-декабрындагы бешинчи чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясындагы “Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө” №1/2 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Бактыбаев |