Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты № 7

 

“Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси -айыл өкмөтүн түзүү жөнундө

       Күн тартибиндеги маселени карап чыгып, талкуулап,  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы  №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин  уюштуруу  жөнүндө” Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү”-мекемеси жана “Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтү”-мекемеси бириктирүү жолу менен “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү”-  мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

 Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-Мамлекеттик тилде: “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү”- мекемеси -Расмий тилде: учреждение “Айыл окмот Орозбековского айылного аймака”

  1. “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы бекитилсин.
  2. “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү ” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
  3. “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл аймагы, Учкун айылы, Кыргызстан 60-жылдык көчөсү № 46 болуп аныкталсын.
  4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
  5. Орозбеков айылдык кеңешинин 2016-жылдын 30-апрелиндеги  “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө” №23/1 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага:

А.Бактыбаев