Редакцияот 25.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

2024-жыл 205марты №19

 

“Токтогул шаардык кеңешине кошумча штаттык бирдиктерди алууга макулдук берүү жөнүндө”

 

                 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" ПЖ №370 Жарлыгынын, 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанин алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” ПЖ №24 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомунун негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин штаттык бирдиктеринин жалпы санынан тышкары келишимдин негизинде кошумча 2 (эки) штат алуу жөнүндө сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, токтом кылат:

 

1..Жогорудагы ченемдик-укуктук актыларга ылайык шаардык кеңештин штаттык бирдиктеринин жалпы санынан тышкары, кызматтык унаанын айдоочусунун 1 (бир) штаттык бирдиги жана катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн 1 (бир) штаттык бирдиги киргизилсин.

 

2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

3.Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

5.Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

 

М.Т. Борбугулов