Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын

кезектеги(кезексиз) XХIX сессиясынын

2024-жыл 17-январь №29-3

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2024-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентинин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө.”

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХIX сессиясынын,үчүнчү маселеси боюнча салык инспектору Давлеталы уулу Жумабектин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2024-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентинин тармактар боюнча өлчөмү менен айылдык кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Балтагулов айыл аймагында 2024-жылга К-3 зоналдык коэффицентинин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2.Т.Балтагулов айыл аймагында 2024-жылга К-3 зоналдык коэффицентинин тармактар боюнча өлчөмүнүн негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекторлоруна жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык Кеңешинин төрагасы:

Э.Исманов