Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-декабры № 717

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт республикалык борборунун мүлкүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттин менчигинде турган колдонуудагы кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин балдарын жана өспүрүмдөрүн зарыл болгон спорттук инфраструктура менен камсыздоо, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт республикалык борборунун пайдалануусунда турган жер участокторун (идентификациялык коддору 1-03-03-0024-0732; 1-03-03-0024-0733; 1-03-03-0024-0734; 1-03-03-0024-0735; 1-03-03-0024-0736) имараттары жана курулмалары менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча талаптагыдай чараларды көрүү жана аны так максаттуу багыты боюнча пайдалануу.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У.Жапаров