Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги(кезексиз) XХIX сессиясынын
2024-жыл 17-январь №29-4
“Ызар айылына караштуу №9 ҮДТнүн эшик терезелерин
алмаштыруу жөнүндө”
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХIX сессиясынын,төртүнчү маселеси боюнча №9 ҮДТнун башчысы Ж.Умарова ҮДТнун эшик, терезелерин алмаштыруу боюнча долбоору менен айылдык кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагындагы №9 ҮДТнун эшик,терезелерин алмаштыруу боюнча даярдалган долбоору райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.
2.№9 ҮДТнун эшик,терезелер алмаштыруу долбоорун райондук өнүктүрүү
фондуна сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: | Э.Исманов |